• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Батукаевдин иши боюнча атайын прокурор Майрамбек Акматалиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынды

30 Бугу 201917:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.

Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин бөгөт чарасы катары анын өлкөдөн чыгышына тыюу салынды. Мындай чечим 29-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды. Бөгөт чарасы 26-июнга чейин деп чектелди.

2013-жылы Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди «айыккыс ооруга чалдыкты» деп бошотуп жиберген. Майрамбек Акматалиев ошол учурда атайын прокурор болуп иштеп турган.

Количество просмотров: 20