Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.
УКМКнын абагы 22-июнь күнү дагы бир аткаминер менен толукталды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына эки айга, 22-августка чейин камакка алынды.
Айта кетсек, буга чейин УКМКнын абагында орун калбагандыгын жарыялашкан. Бирок судья Жапар Эрматовго табылды.
Белгилүү болгондой Батукаевдин иш боюнча бардык кармалгандар мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баш болуп №1-абакка жайгаштырылган.
Коомчулукта судья Жапар Эрматовдун УКМКнын абагына киргизилиши «Карга карганын көзүн чукубайт болуп жатабы?»- деген суроо жаралууда.
Эрматов Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеп жатканда, 2013-жылдын 9-апрелинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Батукаевдин оор дарты тууралуу материалдарын кылдат иликтебей туруп аны канааттандырып, кримтөбөлдүн Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн деп айыпталууда. Анын чечиминен кийин кримтөбөл токтоосуз Кыргызстандан Орусияга чыгып кетип, сегиз жыл үч ай жети күндүк жаза мөөнөтүн өтөбөй калган.
Эрматов Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткенден үч жылдан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Нарын район аралык сотунун судьясы болуп дайындалганы маалым.
«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши быйыл жыл башында жанданып, ондон ашык киши кармалган.