• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Батукаевдин иши боюнча алгачкы отурум 15-ноябрга белгиленди

16 Тогуздун айы 2019 19:07 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук угуулар жыйынтыкталып, алгачкы отурум 15-ноябрга белгиленди. Анда иштин башкы айыпталуучусу катары мурунку президент Алмазбек Атамбаев өтөт.

Эске салсак, кечээ, 15-октябрга белгиленген сот отурумунда бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштапкы соттук жыйынга катышуудан баш тарткан. Ал эми Атамбаевдин жактоочуларынын бири Замир Жоошев мурунку президент сот анын катышуусу жок өтсүн деген өтүнүч менен кайрылганын айткан.

Количество просмотров: 51