• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Батукаевдин иши боюнча сот 9-июнга жылды

2 Кулжа 2020 13:43 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум 9-июнга жылды.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, айыпталуучу А.Раимжановдун ооруп калгандыгына байланыштуу, бүгүнкү соттук териштирүү 2020-жылдын 9-июнь күнүнө саат 10:00гө жылдырылды.

Эске салсак, Батукаев “айыккыс илдетке чалдыкты” деген жүйө менен абактан мыйзамсыз бошоп, атайын коштоо менен Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Количество просмотров: 66