• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Батукаевдин иши боюнча соттук отурум жылдырылды

21 Бугу 2020 18:38 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн 21-майда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кароо уланды.

Бүгүнкү отурумда эки күбө сурак берди. Алар – Батукаевди бошотуу боюнча сот жыйынына катышкан атайын прокуратуранын өкүлү Кубатбек Жуматаев жана адвокат Али Касымов.

Андан кийин сот отурумду токтотуп, 22-майда улантуу жөнүндө чечим кабыл алды. Буга жактоочу Нина Зотованын соттолуучу, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өзүн начар сезип жатканына байланыштуу өтүнүчү себеп болду.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Раимжановдон тышкары ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге айып коюлган.

Сот Атамбаевдин катышуусуз өтүп жатат. Башында ал өзү баш тарткан болсо, кийинчерээк судья анын катышуусуна тыюу салган.

Бул иш боюнча мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевага, экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановго, ЖАМКтын ошол кездеги башчысы, депутат Зарылбек Рысалиевге, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматовго жана башка бир катар дарыгерлерге да айып коюлган. Алардын иши сотко өтө элек.

Количество просмотров: 88