• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Батукаевдин иши боюнча соттук отурум жылдырылды

15 Жетинин айы 2019 10:35 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум 29-ноябрга жылды. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочуларынын бири Замир Жоошев билдирди.

«Бүгүнкү соттук отурумга 2 айыпталуучу келбегендиктен, отурум 29-ноябрь саат 15:00го жылдырылды. Буга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин отурумга келүүдөн баш тарткандыгы жана Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинде шек саналып жаткан Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов ден-соолугуна байланыштуу соттук отурумга келбей калганы себеп болду»,-деп билдирди жактоочу Жоошев.

Эске салсак, Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Количество просмотров: 86