• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Батукаевдин иши боюнча соттун алгачкы отуруму өтөт

11 Тогуздун айы 2019 9:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан мыйзамсыз чыгып кетишине байланыштуу соттук отурум өтөт. Бул тууралуу Говори.ТВга Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, талапка ылайык, сот залына соттолуучулардын баарын алып келиши керек.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген жүйө менен мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып, Россияга учуп кеткен. Быйыл бул боюнча кылмыш иши кайра тергелип, сотко өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 58