• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Батукаевдин иши: Дарыгер Раимжанов күнөөлүү деп табылып, жаза чегерилген жок

23 Кулжа 2020 16:15 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отуруму өттү.

Анда Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылды, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген жок.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар Абдухалим Раимжановду 13 жылга түрмөгө кесүүнү соттон сураган.

Эске салсак, Батукаев “айыккыс илдетке чалдыкты” деген жүйө менен абактан мыйзамсыз бошоп, атайын коштоо менен Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Количество просмотров: 318