Бишкек.19.06.2019.Govori.TV.
Өкмөттүн аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Марат Бекенов Батукаевдин мыйзамсыз камактан бошотулганы тууралуу иштин алкагында камакка алынды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, тергөө купуясын сактоо зарылдыгынан улам бул тууралуу маалыматтар айтылган жок.
«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, чартердик каттам менен токтоосуз Чеченстанга учуп кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана ичер суусу азайып калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Бирок анын жашоосу саналуу экени ырасталган эмес.
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл жыл башында жанданган. Тергөөнүн алкагында Батукаевге «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.
Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. ЖАМКтын жетекчисинин мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да 26-июнга чейин камалган. 7-июнда ИИМ Атаханов «тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргендиктен бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн» маалымдады. Ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун да ИИМге сурак берип чыккан.
2013-жылы атайын прокурор болуп иштеп турган Нарын облустук прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. Батукаев абактан чыккан кезде Башкы прокуратураны жетектеген экс-депутат Аида Салянова камалган.