• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Батукаевдин иши: Сотто үч күбө суралды 

26 Бугу 2020 18:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сотто күбөлөр суралды.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү отурумда сот күбөлөр М.К.Кайкиев, Г.С.Байборуевди жана К.Б.Калмуратовду суракка алды.

Ал эми кийинки соттук териштирүү 2020-жылдын 28-май күнүнө саат 14:00гө жылдырылды.

Эске салсак,  Батукаев «айыккыс илдетке чалдыкты» деген жүйө менен абактан мыйзамсыз бошоп, атайын коштоо менен Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Количество просмотров: 166