• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Батукаевдин иши: Сотто мурдагы министр Динара Сагынбаева суралды 

13 Бугу 2020 16:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-май  күнү Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум өтүп, кийинки соттук териштирүү 14-майга саат 10:00гө жылдырылды.  Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот отурумунда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева суралган. Андан кийин күбө М.Бекенова сурак берген. 

Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча «коррупция» беренеси менен соттук отурум жүрүп жатат. Анда айыпталуучу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов өтүүдө.

Количество просмотров: 148