• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Батукаевдин ишин кароо боюнча сот 15-ноябрга белгиленди

11 Жетинин айы 2019 10:31 Бишкек Govori.TV

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум 15-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Govori.TVга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, сот Батукаевдин ишин 15-ноябрда саат 10:00дө карап баштамакчы.

Белгилей кетсек, баштапкы соттук угууга айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келүүдөн баш тартканы үчүн катышкан эмес.

Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сот мындан ары жабык өтөт деген чечим чыгарган.

Эске салсак, Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, андан ары «Манас» эл аралык аэропортунан Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Учурда бул иш боюнча «Коррупция» беренеси менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө.

Количество просмотров: 104