• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Батукаевдин ишинде прокурорлордун айыбы эмнеде? (аудио)

4 Кулжа 2019 14:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.06.2019.Govori.TV

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотууга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында прокурорлор четинен суракка чакыртылып камакка алынууда.

Ички иштер министрлиги жакында Нарын облусунун прокурорунун орун басары, абактарды караган мурдагы атайын прокурор Майрамбек Акматалиевди кармап, камакка алган.

Эске салсак, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганын иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шер атайын прокурор Майрамбек Акматалиев эч кандай чара көрбөй, кримтөбөлдү бошотууга өбөлгө түзгөнүн айткан.

Белгилүү болгондой, айыпталуучуга карата актоо өкүмү болгон учурда гана сот залынан бошотулат. Батукаевдин ишинде анын ден-соолуган байланыштуу болгон. Андыктан, мыйзам боюнча мындай чечим  көзөмөл тартибинде Жогорку сотко даттатылышы керек болчу. Ошол учурда сот залында болгон атайын прокурор Акматалиев жагдай боюнча үн каткан эмес.

2013-жылдын 27-апрелиндеги депутаттык комиссиянын протоколуна көңүл бурсак ишке байланыштуу кат алышуулар прокурордун орун басары Людмила Усманова менен жүргөн.

Ал эми, эксперт катары экс-прокурор Кубан Абылов чакырылып, ишти толук ачууга көмөктөшкөн.

 

Количество просмотров: 34