• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды

21 Тогуздун айы 2020 15:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку сотто кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча отурум өттү.

Соттун имаратынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду. Нааразычылык ациясына чыккандар Жогорку соттон кримтөбөл Азиз Батукаевдин соттук иши ачык болушун талап кылышты. Алардын арасында депутат Ирина Карамушкина, мурдагы президенттиy жубайы Раиса Атамбаева, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков да бар.

«Соттук коллегиянын мүчөсү ооруп калгандыгына байланыштуу кийинки отурум 16-ноябрга жылдырылды», — деп билдирди жактоочу Слесарев.

Буга чейин Бишкек шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан.

Количество просмотров: 63