• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Батукаевдин жактоочусу камакка алынды

13 Баш оона 2019 15:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.08.2019.Govori.TV.

ИИМдин тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин жактоочусу Али Касымов кармалды. Тактоону талап кылган маалыматтарга ылайык, жактоочу Батукаевди бошотуу үчүн акча алып берип турган. Бул тууралуу kaktus.media агенттиги жазды.

Эске салсак, Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган.

Бул ишке байланыштуу экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова баштаган бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, аткаминерлер, дарыгерлер кармалды. Алардын айрымдары үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 25