Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.
«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошогону боюнча кылмыш ишинин негизинде камакка алынган онколог дарыгер Эмил Макимбетов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, дарыгердин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралып, ал үй камагына чыгарылган.
Эске салсак, буга чейин Азиз Батукаевге ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген айып менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов жана бир катар медицина кызматкерлери кармалган.