• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

“Батут жардам бермек эмес”. ӨКМ өз жанын кыйган жигит боюнча түшүндүрмө берди

28 Тогуздун айы 2021 15:41 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Байтик Баатыр — Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуп жаткан имараттын 9-кабатынан боюн таштаган 22 жаштагы жигиттин окуясына байланыштуу ӨКМнин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы Ырыспек Жолдошбаев билдирүү таратып, 22 жаштагы жигит куткаруу иштерине мүмкүнчүлүк бербегенин айтат.

“Ал чечкиндүү өз жанын кыюуга бел байлаганын билдирген. Биздин кызматкерлерди жанына такыр жолотпой койду. Бийик кабаттан адамды куткарууга жардам берген атайын чатырлар бар, бирок нускама боюнча аларды 8 метрден ашкан учурларда колдонууга болбойт. Буга техникалык регламенттер тарабынан тыюу салынган. Биз аны альпинизм жана аркан менен жерге түшүрө алмакпыз. Бирок ал, балким, психологиялык жактан жабыркап жүргөндүктөн, эч кимди жанына жолотпой койгон”, — дейт ӨКМ кызматкери.

Жолдошбаев куткаруу үчүн батутту орнотуу боюнча соцтармакта талкууланып жаткан сөздөргө төмөнкүчө жооп берди.

“Социалдык тармактарда батуттарды орнотуп койсо болот эле дешет, бирок ал жардам бермек эмес. Бул бийиктиктен, мынчалык ылдамдык менен секиргенден кийин бала тирүү калмак эмес. Мындай курулуш объектилеринде коопсуздук торлору болушу керек болчу, бирок бул жерде бекилген эмес. Мындан сырткары, ар кандай нюанстар бар. Эгерде биз ага жакындап барганда, ал секирип кетсе, анын өлүмүнө куткаруучулар күнөөлүү болуп калмак. Ал жерде 6 куткаруучу, психологдор, анын жакындары болгон, ал атасы менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн, тилекке каршы, жигитти сактап калууга мүмкүн болгон жок”, — деп айтат ал.

Количество просмотров: 3500