Бүгүн Кабар агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин Координациялоо жана жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Баялы Досалиев быйылкы жылдын эсебинен канча конкурс өткөнү тууралуу маалымат берди.
«2019-жылдын 11 айы үчүн мамлекеттик сатып алуулар Расмий порталында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун конкурстары 95026 сом көлөмүндөгү суммага өткөрүлгөн. Жарыяланган конкурстардын ичинен 26 285 конкурс 43 млрд. сомго өткөрүлбөй калган.Ушуга ылайык 68 741 конкурс 58,4млрд. сомго ийгиликтүү аяктаган»,-деди Баялы Досалиев.
Мындан тышкары, Досалиев жыл ичиндеги ири сатып алууларды айтып өттү.
«Курулуш иштери, мунай заттары, көмүр жана энергиянын башка булактары, унаалар, жабдуулар, медициналык жабдыктар жана башкалар. Ушул таризде ири сатып алууларды тизмектесе болот. Мындан тышкары быйылкы жылда Коопсуз шаар долбоору да ири сатып алуулардын катарына кирген», — деди Досалиев.
Ал кошумчалагандай, быйыл «кара тизмеге» кирген берүүчүлөрдүн саны өсүп 42ге жеткен.