• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолун селден тазалоо иштери жүрүп жатат

6 Бугу 20249:28 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-майга караган түнү саат 02:35 тер чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөттүндө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен, Кекилик тилкесинин Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 14-чакырымында колотордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындаткан.

Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргоо кызматтары тартылып, тактоо жана калыбына келтирүү боюнча тийштүү жумуштарды алып барышкан.

Учурда жеринде №50 жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик авто жүктөгүч тартылып, жолду кеңейтүү жана тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Количество просмотров: 92