Финансы полициясынын кызматкерлери кызмат адамы тарабынан мыйзамсыз сый акы алуу фактысын аныкташты. Маалыматты аталган ведомствонун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалым болгондой, Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Базар-Коргон, Ноокен, Тогуз-Торо райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнө Т.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал Базар-Коргон РЭСтин юристи С.Ж. электр энергияга болгон карызы боюнча соттук ишти оң жагына чечүү үчүн андан акча талап кылганын билдирген.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 238-беренеси боюнча (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) каттоого алынган.
Тиешелүү иштердин жүрүшүндө 2-октябрда өзүнүн бөлмөсүндө 10 миң сом алып жаткан учурда С.Ж. кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Кийинчерээк «Жалалабатэлектро» ААКтын басма сөз кызматы кармалган Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканасынын юристинин күнөөсү жок экендиги аныкталган соң коё берилгенин билдирген.
Булак: Тurmush.kg.