• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Базар-Коргондо боюнча экотехкөзөмөл кызматынын башкы тескөөчүсү пара менен кармалды

19 Бугу 2022 19:05 Бишкек Govori.TV

Базар-Коргондо экология кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 14-майында Базар-Коргон районунун Жаӊы-Абад айылынын тургуну Р.Т. Базар-Коргон районунун прокуратурасына арыз менен кайрылып, анда Базар-Коргон районунун экология инспектору С.Ч.А. аттуу кызматкер пара опузалап талап кылып жатканын, эгерде бербесе айыппул менен коркутуп жатканын билдирген.

Аталган факт боюнча, Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Базар-Коргон райондук прокуратурасынын тергөөчүлөрү жана УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Базар-Коргон району боюнча экотехкөзөмөл кызматынын башкы тескөөчүсү С.Ч.А. пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 183