• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Базарбеков Элдик Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасын кабыл алды

8 Бештин айы 2022 11:30 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Элдик Курултайдын  аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевди кабыл алды.

Жолугушууда Кадыр Кошалиев Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго улуттук жыйында  кабыл алынган Резолюцияны расмий тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна төмөндөгү сунуштамалар берилген:

— Жарандардын  кайрылууларын, даттанууларын дыкат карап, адилеттүү жана калыс жыйынтыктарды чыгаруу;

— Шектүү катары кармалган жарандардын иштерин узакка созбой, кыска мөөнөттө карап чыгуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү;

— Сөз эркиндиги биздин байлыгыбыз, ошол эле учурда сөз маданиятын сактоо да ыйык парзыбыз экендигин эстен чыгарбай,  эркин ой айтуунун аягы саясий куугунтукка айлануусуна жол бербөө;

— Чек ара маселеси боюнча камалгандардын ишин  мыйзам чегинде адилет, кылдат карап чыгып, үй камагына чыгарып тергөөнү улантуу, күнөөсү жокторду бошотуу сунушталсын.

Жолугушууда сот бийлиги менен Элдик Курултай институтунун ортосунда иштиктүү кызматташуу маселелери талкууланды.

Количество просмотров: 93