Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.
Азербайжандын батышындагы базарда ок атылып, жаракат алгандардар бар экенин РИА Новости жергиликтүү Репорт агенттигине шилтеме келтирип жазды.
Маалым болгондой, окуя Беюк Кесик айылынын аймагында катталган. Абактан жаңы эле бошонуп чыккан адам базардын айланасында ок чыгарган. Жыйынтыгында 8 адам жарадар болуп, бир аял эки баласы менен жана сатуучу көз жумган. Учурда катталган факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Кошумчалай кетсек, ок атылуунун себеби үй-бүлөлөр ортосундагы кастыктан келип чыккан дешүүдө.