Бүгүн, Ош мэри Бакыт Жетигенов баштаган жетекчилер базардын көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер менен жолуккан. Соодагерлер убактылуу иштеп жаткан көпүрөлөрдү калтырып туруу жана базарды көчүрүү убактысын узартуу талабын айтышып, жаңы базар салынуучу жерге соода кылганы эч ким барбасын айтып, наарызы болушкан. Мэрдин жагдайды түшүндүрүүгө аракет кылганы менен борбордук базардын башка жакка көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер мэриянын имаратынын алдына да топтолгон.
Учурда мэриянын сыртына топтолгон соодагерлердин айрымдарын милиция кармап жатат.