• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто митинг өткөрүүгө чектөө киргизилди

22 Теке 202418:24 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын аймагында ар кандай нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизилди. Укук коргоочунун колундагы документке ылайык, тургундардын бири Ош аймагында ар кандай митингдер туруктуулукка терс таасирин тийгизип, эс алуучулардын тынчтыгын бузуп жатканын жүйө кылып, арыз менен сотко кайрылган. Ош шаардык соту арызды канааттандырып, 28-июндан тартып 31-декабрга чейин нааразылык акцияларына тыюу салган чечим чыгарган. Митингдерди шаардагы Муминов жана Руставели көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ататүрк паркында гана өткөрүүгө уруксат берилет.

Количество просмотров: 124