«Абдыраз» ишканасы 3 жылдын ичинде 21 млн долларга товар алып кирген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.
«Ишкер Аэркен Саймаитинин канча ишканага тиешеси бар экенин аныктай албайбыз. Анткени ишканалардын негиздөөчүлөрү гана каттоодон өткөн. Бажы кызматынын статистикасы боюнча 2015-жылы 2 млн 370 миң долларга, 2016-жылы 370 миң долларга, 2017-жылы 18 млн 371 миң долларга, жалпысынан 3 жылдын ичинде 21 млн долларга товар алып кирген», — деди Торутаев.