• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бажы кызматы: Бажыда контрабанда жок, болгон дагы эмес!

22 Жетинин айы 2019 19:09 Бишкек Govori.TV

«Азаттыктын» иликтөөсү боюнча жаралып жаткан суроолорго байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматы түшүндүрмө берди. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мусуркановдун айтымында, бажы боюнча иликтөөдөгү маалыматтар чындыкка дал келбейт.

“ Бажы тармагында контрабанда жок, болгон дагы эмес. Анда аты аталган Райымбек Матраимов тууралуу эч кандай комментарий бере албайбыз. Анткени ал бизде 2 жылдан бери иштебейт ”,-деп билдирген аталган мекеменин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жасаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланып, анда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталган.

Количество просмотров: 653