• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Матраимовдун “Эрем” спорт клубу Ош шаардык мэриясына өткөрүлдү

2 Аяк оона 20249:03 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, ушул тапта камакта жаткан Райымбек Матраимовдун Оштогу “Эрем” спорт клубу Ош шаардык мэриясына өткөнү белгилүү болду.

Ачык булактардагы маалыматтарда “Эрем” спорт клубу Руслан Матраимовго катталганы көргөзүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ушул жылдын 8-февралында Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын билдирген. Мунун ичинде Бишкекте жана Ош шаарында жайгашкан турак жайлар, коммерциялык имараттар бар.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Кара-Суу райондук соту Тилек Матраимовдун ишин 11-июнда карап, 1 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген жана жакынкы үч жылда мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. Ош облустук соту 6-августта Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, айыптын өлчөмүн 300 миӊ сомго азайткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-августта Руслан жана Исламбек Матраимовдордун ар бирине 50 миӊ сомдон айып пул салган. Райондук соттун маалыматына ылайык, алар Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” жана “Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш” беренелери менен күнөөлүү деп табылды.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Ал ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакта жатат.

Количество просмотров: 124