Бажы кызматы жыл башынан бери 10 миллиард сомдон ашык акча которгон
Бажы кызматы жыл башынан бери 10 миллиард сомдон ашык акча которгон
19 Аяк оона 2018 9:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.09.2018.Govori.TV.
Бажы төлөмдөрүнөн өлкө казынасына 10 миллиард сомдон ашык акча түшкөн. Бул тууралуу кече Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алтынбек Торутаев билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч жыл башынан бери ушул убакытка чейин алынган. Буга чейин 2018-жылдын биринчи кварталына карата бажы төлөмдөрү аркылуу өлкө казынасына 3 миллиард 608,7 миллион сом түшкөндүгүн Бажы кызматынын төрөгасы Алмаз Оңолбеков айткан.