• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов Бакудан кармалды

5 Бештин айы 2018 15:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.12.2018.Govori.TV.
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов кармалганы кабарланууда. Бул тууралуу Азербайжандын “Новая эпоха”интернет-порталы жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, Жунусов Азербайжандын борбору Баку шаарында аэропорттон колго түшкөн. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) азырынча бул маалыматты расмий ырастай элек.
Башкы прокуратура июль айында Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарына «мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген» деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.
Жунусов «2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган» деп айыпталууда.
Финансы полициясынын маалыматына ылайык мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.
Финансы полициясы Адамкул Жунусовго август айынын соңунда издөө жарыялаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.
Количество просмотров: 26