• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бажынын мурдагы кызматкери Кимсановдун иши ИИМге кайрадан тергөөгө жиберилди

6 Жетинин айы 2020 13:51 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановго карата козголгон жазык ишин токтотуу тууралуу токтом жокко чыгарылганы белгилүү болду.

Маалымат боюнча, Кимсановго карата жазык иши 6-октябрда токтотулган. Бирок жазык ишиндеги талаптар бузулгандыктан токтотуу жөнүндө токтом жокко чыгарылып, кайра тергөө үчүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) жөнөтүлдү.

14-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановго карата козголгон жазык иши токтотулганын ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Улан Ниязбеков билдирген. Ал Кимсанов боштондукта экенин, ага каршы арызданган тарап тосмо арыз жазып бергенин айткан болчу.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Кимсанов башка бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин токмоктоо тууралуу арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кармалып келген.

Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өзүнө карата мындай дооматка комментарий берген эмес. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «Эмилбек Кимсанов камакта сабалды» деген дооматты четке каккан.

Кимсанов быйыл 22-фервалда Санкт-Петербург шаарында кармалган. Бишкекке жеткирилгенден кийин сот аны адегенде үй камагына чыгарып, 31-мартта тергөө абагына камаган. Баш калаадагы №1 тергөө абагынан Кимсанов кийин Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагына которулган.

Количество просмотров: 36