Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Суусамыр өрөөнүн каптап жаткан алтыгана (карагана) бадалына байланышкан көйгөйлөр менен жеринен таанышып, мамлекеттик тиешелүү кызмат жетекчилерине маселени чечүү боюнча бир катар протоколдук тапшырмаларды берди.
көчмө жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Улуттук илимдер академиясынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жыйынтыгында алтыгана бадалы менен күрөшүү боюнча иш-чаралардын планынын негизинде дыкат иш алып баруу, аны айдоо аянттар менен жайыт жерлерге таркалуусуна жол бербөө, сел коркунучу бар аймактар менен уулуу калдыктар сактоочу жайларга көчүрүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.
Ошондой эле, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнө алтыгана бадалын кайра иштетип, жер семирткич жана тоют чыгаруунун үстүндө иштөө тапшырылды.
