• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бейрут шаарынын жарылуудан кийинки көрүнүшү (видео)

5 Баш оона 2020 11:45 Бишкек Govori.TV

Ливандын борбору Бейрут шаарында жарылуу болду. Анын кесепетинен 4 миңге чукул адам жаракат алып, 78 адам каза болгонун чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Шаардын бир нече кварталы толугу менен кыйрап, көптөгөн имараттар, анын ичинде порттон бир нече чакырым алыс жайгашкан курулуштар жана унаалар зыянга учураган. Шаардын жарылуудан кийинки көрүнүшү социалдык тармактарга жарыяланды.

Эске салсак, кечээ, 4-августта Ливандын борборунда катуу жарылуу болгон. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, химиялык зат (нитрат аммония) сакталган портто коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан кырсык катталган.

Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Каза болгон адамдардын саны мындан көп болушу мүмкүн.

Количество просмотров: 400