• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Ливандагы жарылуунун болжолдуу чыгымы айтылды

6 Баш оона 2020 9:29 Бишкек Govori.TV

Бейрут шаарындагы катуу жарылуунун кесепетинен шаардын чыгымы 15 миллиард долларды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу аталган шаардын губернатору Марван Аббуд билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

«Бейрут шаарындагы портто жарылуунун чыгымы 10-15 миллиард долларга чейин өсүшү мүмкүн», — деп билдирген Марван Аббуд.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондордун саны 135ке жетти. Шаардын бир нече кварталы толугу менен кыйрады. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, химиялык зат (нитрат аммония) сакталган портто коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан жарылуу болгон. Жарылуудан көптөгөн имараттар, анын ичинде порттон бир нече чакырым алыс жайгашкан курулуштар жана унаалар зыянга учурады. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Каза болгон адамдардын саны мындан көп болушу мүмкүн. Бейрут шаарындагы ири жарылуудан улам эки аптага өзгөчө абал режимин киргизүү чечими кабыл алынды.

Количество просмотров: 248