• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бейруттун портунда чыккан ири өрт өчүрүлдү

11 Аяк оона 2020 10:43 Бишкек Govori.TV

10-сентябрда Ливандын борбор шаары Бейруттун портунда чыккан ири өрт кечке жакын өчүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Порттогу күйүүчү-майлоочу материалдар жана автоунаа дөңгөлөктөрү сакталган кампада чыккан өрттү өчүрүүгө аскердик тик учактар да тартылды.

Өлкө президенти Мишель Аун Бейрут портундагы жарылууга тышкы күчтөрдүн тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирди. «Бүгүнкү өрт атайын жасалган саботаж актысы же техникалык катадан улам чыккан болушу мүмкүн», — деди ал.

4-августтун кечинде да Бейрут портунда кош жарылуу болгон. Анда алты жыл мурда Ливандын бийлиги кемеден конфискациялап алган 2750 тонна аммиак селитрасы жарылып кеткени ачыкка чыккан. Кырсыктан 154 киши каза болуп, беш миңден ашык тургун жабыркаган. Бул окуядан кийин жүздөгөн адам көчөгө чыгып, бийликти шалаакылыкка айыпташкан.

Количество просмотров: 45