Бейрутта өкмөткө каршы митингдердин катышуучулары автожолдордо кол кармашып, «чынжырча» түзүштү. Reuters агенттиги кабарлагандай, акциянын алкагында Ливандын түштүгүнөн түндүгүнө чейинки 171 чакырым жол жабылды.
Ливан жашоочулары 11 күндөн бери демонстрацияларга чыгышууда. Алар өлкө бийлигин коррупцияга жана экономиканы талкалоого айыпташууда. Бул сыяктуу жапырт жарандык акциялар Ливанда 1975-1990-жылдардагы жарандык согуштан бери биринчи жолу өтүп жатат.
Ливанда бир жумадан ашык убакыттан бери тыным алган банктар дүйшөмбүдө да иштебей турганын жарыялашты. Мектептер жана көптөгөн ишкана-мекемелер жабык.
Жалпы улуттук каршылык акциялары өлкөдөгү саясий институттарга каршы багытталган. Ар түрдүү диний топтордон куралган Ливан жашоочулары саясатчыларды кызмат абалынан кыянат пайдаланууга, баюу үчүн мамлекеттин ресурстарын колдонууга айыпташууда. Өлкө каржы каатчылыгына кептелүүдө, доллар тартыш болууда.
Акыркы күндөрү Ливан өкмөтү бир катар реформаларды өткөрөрүн жарыялады, бирок бул өлкөдөгү каршылык маанайды басаңдата алган жок.