• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасынын алдына кум төгүп салды (видео)

14 Жалган куран 2022 18:26 Бишкек Govori.TV

Исманкуловдун көз микрохирургиялык клиникасынын кире беришине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кум түшүрүп салды. Бул тууралуу видеону Фейсбук баракчасына Малика Нурланова аттуу колдонуучу жарыялаган.

 «Реформалоонун жаңы жолу. Мыйзам эмне үчүн жазылган?», — деп жазат колдонуучу.

Жарыяланган видеодо чоң унаа менен мекеменин алдына кум түшүрүлүп жатканынын көрүүгө болот.

Ал эми Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кум клиникада оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгынан улам төгүлгөнүн билдирди.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги №2 оорукананын аймагындагы доктор Исманкуловдун клиникасы ижарага алган имаратты кайтарууну пландап жатканын кабарлаган. Мындан соң Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгер Алмазбек Исманкулов жетектеген Көздүн микрохирургиялык ооруканасын бошотуу талабын айткан. Бейшеналиев шаардык оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан Алмаз Исманкуловдун менчик медициналык борбору менен түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылганын белгилеген.

Количество просмотров: 9072