Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек менен Ош шаарларында «одоно мыйзам бузган» 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулганын билдирди. Бул чечим кеңири текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынганын маалымдады.
“Жалпы жонунан 117ден ашуун жеке медициналык уюм текшерилип, алардын ичинен 37си (31,6%) лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды. Калган 80 клиниканын (68,4%) лицензиясы болгону менен лицензиялык талаптар бузулган учурлар катталган. Бардык мыйзам бузууларга байланыштуу административдик чара колдонулду. Салынган айып пул 4,5 миллион сомдон ашты. Жыйынтыгында 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду. Лицензиясы жок мыйзамсыз медициналык ишмердик жүргүзгөн 37 учур боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”,-деп жазылган маалыматта.