• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Исманкуловдун клиникасы №6 оорукананын имаратынан чыгарылды

12 Жалган куран 2023 12:37 Бишкек Govori.TV

Алмазбек Исманкуловдун «Көз микрохирургия» жеке клиникасы кызматкерлери менен бирге №6 шаардык оорукананын имаратынан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим муниципалдык менчик боюнча комиссиянын отурумунда кабыл алынган.

Клиникага вице-мэр Нурдан Орунтаев барып бошотушун талап кылган. Жетекчилиги келишимдин мөөнөтү бүтө электигин айткан. Алар ижара келишимин токтотуу чечимин клиниканын кызматкерлерине тапшырып, клиниканын бардык эмеректерин сыртка чыгара башташкан.

Эскерте кетсек, клиниканын жетекчиси Алмазбек Исманкуловго жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине «Коррупция» боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынышкан.

Количество просмотров: 1432