Бүгүн, 16-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Анын айтымында, карантин азырынча киргизилбейт.
«Биз өкмөт мүчөлөрү менен сүйлөштүк, карантин киргизе албайбыз. Анткени экономикабызга зыян. Ошол себептен карантин азыр кирбейт. Азыр өлкө аймагында эмдөө жүрүп жатат. Эмне үчүн биз азыркы кезде аз эмдөө кылып жатканыбызга журналисттер эмдөөнү туура эмес түшүндүргөндүгүндө. Тышкы иштер министрлигинин кызматкерин эмөөдөн каза болду деп туура эмес жеткиришти», — деди министр.