• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бекназаров 2 айга камалды

24 Тогуздун айы 2022 22:15 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды. Мындай чечимди бүгүн, 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Бекназаров коюлган айыптар менен макул эмес жана сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саясатчы Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов жана жарандык активисттер Рита Карасартова, Али Шабдандын, саясат талдоочу Айданбек Акматовдун баш коргоо чарасы каралып жатат.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.

Количество просмотров: 7166