Саясатчы Азимбек Бекназаров, Асия Сасыкбаева жана жарандык активист Али Шабдан Биринчи май райондук сотуна жеткирилди.
Белгилей кетсек, бүгүн алардын баш коргоо чарасы каралат.
Сот имаратынын алдына бир нече жарандар чогулганын көрүүгө болот. Алар «соттор адилеттүү чечим чыгарсын», «саясий куугунтук токтосун» деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.
Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.
24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.