• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Бейшеналиев: Жумабеков өзүм деп жатып, кыйын травматологдор өлкөдөн чыгып кеткен

3 Бирдин айы 2022 17:35 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка өлкөлөргө кеткен кыргыз травматологдорун чогултуп жатканын айтты.

«4-оорканага барбайбыз дешет, киргенден баштап эле акча сурашат деп айтышат. Мага чет жактардан чалып жатышат. Кыргыздын чыгаан травматологдору келип иштеп берели деп жатышат. Өлкөнүн травматологиясын көтөрүп берели дейт. Жумабеков өзүм деп жатып, алардын баары өлкөдөн чыгып кеткен. Ал жер «Тез жардам» ооруканасы болушу керек. Кайра алып келиш керек. Травматологияны биз Улуттук хирургия борборунда ачып жатабыз», — деди министр.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Кийинчерээк министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган борборду кайра түзүүнү “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сүрөттөгөн. Себеби Сабырбек Жумабеков жогорку кызматтагы тааныштары аркылуу ал жердеги оорукананы жоюп, жок жерден эле аталган борборду түзүп, өзү кетпес жетекчи болуп алган деген.

Ага жооп берген Сабырбек Жумабеков саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мас абалында келип, ар нерсени айтып кетиптир деген.

Количество просмотров: 1794