Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.
Саясатчы Бекболот Талгарбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы жазган арызын кайтарып алды.
Маалыматка ылайык, Атамбаевге карата бир нече кылмыш иши козголуп, камакка алынган соң жарандык тартипте соттошуу ниетинен баш тарткан.
Эске салсак, «Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча 14 жылга кесилген Бекболот Талгарбеков шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун абактан чыккан. Андан соң Атамбаев аларды негизсиз түрдө айыптап келгенин жүйө кылып, кадыр-баркын коргоо максатында сотко кайрылган.
Талгарбеков мурдагы президенттен 17 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон суранган болчу.