• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бекешев ИИМдин тыңшоосу боюнча парламентте маалымат угууну сунуштады

8 Аяк оона 2021 11:19 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ички иштер министрлиги парламент депутаттарынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшаганы мыйзамсыз экенин айтып, буга байланыштуу министрликтин маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында демилге көтөрдү.

“Биринчиден, депутаттарда кол тийбестик бар. Бирок сот ага карабай эле телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоого уруксат берген. Ким билет, мындай тыңшоолор азыр деле болуп жатат? Мен билем, саясатчыларды дайыма угушат. Бирок мыйзамдуулук болуш керек да”, — деди ал.

Былтыркы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери ондогон адамдын телефонун бир ай бою тыңшаганы сентябрь айында ачыкка чыккан. Телефон сүйлөшүүлөрү тыңшалгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев да бар.

Андан тышкары бир катар саясатчылар, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Курсан Асанов өңдүү саясатчылардын да телефону тыңшалган.

Алар бул мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн айтып, ички иштер министри, башкы прокурор өңдүү кызмат адамдарынын жоопко тартылышын талап кылып жатышат.

Количество просмотров: 74