• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат Кыргызстанга эски унааларды алып кирүүгө тыюу салууну сунуштады

26 Аяк оона 2018 11:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.09.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстанга эски унааларды алып кирүүгө тыюу салууну сунуштап жатат. Ошондой эле, аба тазалоочу керектүү жабдыктарды сатып алууну парламенттин отурумунда айтып чыкты.
Анын билдирүүсүнө ылайык, элдин экологияга болгон кайдыгерлигинен улам булгануунун деңгээли өсүүдө.
«Жакында кыш, Бишкектин үстүн кайра кара түтүн каптайт. Кара-Балтанын тургундары дайыма нааразычылыгын билдирип келишет», — деп нааразы болду Дастан Бекешев.
Аны кесиптеши Бакыт Төрөбаев колдоп чыкты. Ал билдиргендей, эски унааларды өлкөгө алып кирүү күн сайын көбөйүүдө. Мамлекет тазаланбаган күйүүчү-майлоочу майды сатып алып жатат.
Количество просмотров: 42