• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бекешев: Паспорт тендерине УКМК жетекчисинин катышы бар-жогун аныктоо керек

15 Бугу 2019 11:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев сөз сүйлөп, паспорт тендери жана анда аты аталып жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркуловдун катышы бар-жогун аныктоо үчун депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

«Маалымат каражаттарга паспорттук тендер боюнча УКМК жетекчисинин да ошого байланышы бар деп чыгып жатат. Парламент реакция кылбаса, коомчулук бизге терс баасын берет. Ошондуктан биз депуттаттык комиссия түзсөк, себеби бир топ эле маалыматтар бар. Ошону ачыкка чыгарсак туура болот эле»,- деген пикирин айтты.

Эске салсак, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Соттун чечими менен «Инфоком» ишканасынын директору Талант Абдуллаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана мамкаттоонун төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев соттолгон. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Ал эми бүгүн, 15-майда УКМКнын төрагасы Идирис Кадыркулов отставкага кетти. Тиешелүү жарлыкка КР президенти С. Жээнбеков кол койгон.

Количество просмотров: 7