• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бекешев Токтогул суу сактагычындагы суунун агызылышы боюнча түшүндүрмө талап кылды

9 Бештин айы 2021 11:43 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Энергетика министрлигинен Токтогул суу сактагычындагы суунун агызылышы боюнча толук түшүндүрмө талап кылды. Депутат бул тууралуу парламенттин 9-декабрдагы жыйынында билдирди.

«Казакстанга жай мезгилде Токтогул суу сактагычынан суу агызылганы боюнча маалымат чыкты. Ошол учурда биздин дыйкандарга суу жетпей жаткан. Так маалымат бергилечи, качан, канча көлөмдө Казакстанга суу бергенбиз? Токтогул ГЭСи жазында иштейби же иштебейби? Сууну берип, ордуна канча электр энергиясын алдык? Бул суроолорго так жооп бергиле» , — деди Бекешев.

Кыргызстан сугат маалында Токтогул суу сактагычынан Казакстанга суунун кошумча көлөмүн агызганы 7-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен казак премьер-министри Аскар Мамин жолугушкан учурда белгилүү болду.

Количество просмотров: 220