Жогорку Кеңештин депутаттары чогулган жыйында кворум болушу үчүн 61 депутат катышуусу керек. Ал эми «Ала-Арчадагы» кечээки кезексиз жыйынга 51 гана депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты болгонун депутат Дастан Бекешев (КСДП) AKИpress агенттигине билдирди.
Отурумду ача турган көпчүлүк кворум боло турганын белгилеп, кечээки жыйын боюнча: «Кворум болгон жок», — деди.
Кечээки жыйында депутаттар өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин, программасын жана өкмөттүн курамын карап, аягында колдоо тапты деп жарыяланган.
«Добуш берүүнүн жыйынтыгы болушу керек. Депутаттар колун көтөрдү (техникалык себептерден улам депутаттар кол көтөрүп ачык добуш беришкен), аларды кимдир бирөө санап, фамилияларын жазып алып, протоколго киргизди. Ал эми добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялаш керек. Андай болгон жок. Бул мыйзам бузуу болуп эсептелет», — деген депутат бул көрүнүш Садыр Жапаровдун каршылаштары белгилей турган нерсе болорун кошумчалаган.
Ошондой эле ишеним кат тууралуу да мыйзам бузуу болгонун айтты.
«Отурумда башка фракциядагы депутаттардын ишеним катын кармап отурган депутаттар болду. Бул мыйзам бузуу. Айта турган болсок, Сайдулла Нишанов («Ата Мекен») Иса Өмүркуловдун (КСДП) ишеним катын көрсөттү. Алар эки башка фракциядан. Демек бул ишеним кат жараксыз. Мындай ишеним каттарды эсептебеш керек», — деди депутат.
Булардын баарын кайсы тарап каттоого алышы керектиги тууралуу суроого жарандык коом бардык документтерди талап кылса боло турганын айтып жооп берди.
Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка колдогон депутаттардын 10-октябрдагы кезексиз жыйынына Дастан Бекешев катышкан эмес.