• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бекматов: 18 партияга эскертүү берилип, 3 талапкер шайлоодон четтетилди

8 Чын куран 2021 18:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында 11-апрелде өтүүчү референдумга жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшү менен аны уюштуруу маселелери тууралуу БШКнын маалыматы угулду.

Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 18 партияга эскертүү берилип, 3 талапкер шайлоодон четтетилгенин билдирди.

«Эгер шайлоочуларды сатып алуу тууралуу далилдүү фактылар бар болсо, шайлоо жараяндарынын бардык этаптарында мыйзам бузууга барган талапкерди жарыштан алып салуу мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүнкү күнгө чейин ар башка саясий партиянын атынан чыгып жаткан 3 талапкер шайлоодон четтетилген, 18 партия эскертүү алган.», — деди Абдыжапар Бекматов.

Количество просмотров: 158